Ошто жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан бүгүн, 25-декабрда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 24-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусундагы Өзгөн районунда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн (40 миң сом) алып жаткан жеринен А.К. аттуу жактоочу кармалды.