УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ташиев Алмазбек Атамбаев кандай шартта кармалып жатканын, анын ден соолугу кандай экенин билип кайтты.
"Атамбаев СИЗОнун кызматкерлеринин мамилесине, кармалуу шартына нааразычылыгы жок экенин айтты. Бирок ден соолугу жакшы эмес экенин билдирди. УКМКнын төрагасы тиешелүү кызматтарга Атамбаевдин саламаттыгын тыкыр текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды.
Медициналык кароонун жыйынтыгына ылайык, зарылчылык болсо Атамбаев медициналык жайга жаткырылат", - деп айтылат маалыматта.