"Ырчы болсоңуз бат эле атактуу болмоксуз". Тазабек Икрамовдун ырдаганы көңүл чордонунда

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Кыргыз радиосунун студиясында аткарган ыры алкоолорго татыды. Интернетке тараган видеодон Тазабек Икрамовдон тышкары биринчи вице-спикер Аида Касымалиеваны жана ырчы Токтобүбү Черикчиеваны көрүүгө болот.

Радионун студиясында Тазабек Икрамов "Издейм сени" аттуу чыгарманы аткарган. Социалдык тармактын колдонуучулары депутаттын өнөрүнө баа беришип, жакшы пикирлерин жаадырышты.

Жазылган пикирлерден:

"Каап, ырдап эле жүрсө жакшы болмок экен", "Депутат болбой эле ырчы болсоң авторитет болмок экенсиң", "Тазабек жакшы ырдаптыр, анча-мынча ырчылар мындай ырдай албайт, өзү негизи жүрөгү таза эле адам", "Жигитке 70 өнөр аздык кылат, таланттуу депутатыбыз", "Ырчы болсо эле болмок экен, анча-мынча ырчылар эс алат", "Эл өкүлдөрү элге маанай тартуулоодо", "Өзүнүн жолун тааптыр, оор ырды кандай сонун ырдаган, аман болсун".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
medet1983
2020-12-26 13:43:04
Сексалю молодчик жакшы ырдайт экенсиң

+12
aizbek
2020-12-26 14:55:00
Бул анча мынча тантырап ырдаса керек башка ырларды тили келбей,куудул болсон жарашчудай
+4
al-abu-kinesz
2020-12-26 16:28:19
Уну жакшы экен, жакшы ырдайт экен!
Бирок Тазабектин журогу таза, кээде керектуу маселелерди которуп чыгат, жакшы адам деген сыяктуу комментарийлерди мен эч жерден окубапмын. Ушуга чейин да бир маалыматта суперчилер Тазабекти бир аз тазалап корсотушту эле. Журналистти "эс алдырган" азамат жигит да бул..
+8
bekbol2006
2020-12-26 23:58:04
Сексалю онорун бар экен молодец
+2
ulanbek2000
2020-12-27 08:44:20
Депутат эмес эле ырчы боло турган жигит экенсиң
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан