"Жалал-Абад Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова белгисиз адам тарабынан сабалган. Жабырлануучунун абалынан Жалал-Абад шаарынын мэри 25-декабрда кабар алып, материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
24-декабрда таңга маал Маргуба Хакимованы сабап кетишкени кабарланган. Анда жабырлануучуну таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткендиги айтылган.
Аталган окуя боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкен.