Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран изи сууй электе колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-декабрда саат 23:30 чамасында патрулдук милиция кызматына көчөдө жаракат алган адамдын жаткандыгы тууралуу чалуу түшкөн.
"Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышып, денесинен жаракат алган адамдын жолдо жатканын көрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучу оор жаракат алгандыктан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай каза болду. Маркум Араван районунун Чек-Абад айылынын 1970-жылы туулган М.В. аттуу тургуну экени белгилүү болду.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө ошол көчөдөгү жарандардан сурамжылоо болуп, окуяга тиешеси бар адамдын жашаган жери аныкталды. Милиция кызматкерлери 26-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында шектүүнүн жашаган үйүнө кирип, бөлмөнүн дубалдары кан болгондугун көрүшкөн. Кылмышка шектүү мас абалда болуп, ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, буларды билдирген.
"Мен эски таанышым М.В. менен биргеликте ошол күнү таӊ аткандан тартып арак ичип жүргөнбүз. Экөөбүз түндө бир тема тууралуу сөз кылып жатып айтыша кеттик. Мен үйдөн бир, эки жолу уруп, эшикке түртүп чыгардым. Анан тепкичтен түртүп жибергенимде экинчи кабаттан биринчи кабатка жыгылып түштү. Ошондо каттуу кулап калды окшойт, тура албай калды. Мен аны көчө жакка сүйрөп барып, таштап келе бердим. Өлүп калат деп ойлогон жокмун. Бул ишке арак күнөөлүү, өтө мас элем" деген көрсөтмөсүн берди.
Таанышынын өлүмүнө шектүү 1972-жылы туулган Н.Т. Ош шаарынын тургуну. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча 138-беренеси (Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти башкармалыктан.
Кылмыштын бетин ачышкан патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери милициянын лейтенанты Садык уулу Адилет, милициянын старшинасы Шайыпбек Азизбеков жана милициянын старшинасы Сулейман Жаркынбаев.