Бишкекте өспүрүмдү уруп, телефонун тартып алганга шектүү балдар кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелип 4 бала кармалды. Маалымат патрулдук милициянын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
25-декабрда болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз жарандан билдирүү түшүп, анда Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде уюлдук телефонун тоноп кеткендиги кабарланган.
"Жерине барган милиция кызматкерлерине 2004-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин уруп, баасы 10 миң сомдон жогору болгон "Samsung" үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкени айтылган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Абдрахманов жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.Т., 1998-жылы туулган Д.Т., 2000-жылы туулган К.Б. жана 2003-жылы туулган А.А. аттуу 4 бала кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nargiz3726
2020-12-26 23:27:55
Акмактар
0
Nargiz3726
2020-12-26 23:28:15
Акмак айбандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан