Токмокто өгөй атам зордуктады деген 15 жашар өспүрүмдүн ишине катыштыгы бар делген дагы бир шектүүнүн аты аталды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, шектүү делип жаткан жарандын үстүнөн өспүрүмдүн апасы арыз жазган.
"Өспүрүмдүн апасы Рамил аттуу жарандын үстүнөн арыз жазып, зордуктоого тиешеси бар экенин айтты. Менимче кыздын апасы муну күйөөсүн коргоо үчүн жасап жатат", - дейт ал.
Окуянын чоо-жайы:
19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.
Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.
21-декабрда өспүрүмдү зордуктоого шектелген өгөй ата кармалып, камакка алынган.
SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген.