Бишкекте инспекторлорго кол көтөрүүгө шектелген жарандар кармалды

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерлерине кол көтөрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Окуя 26-декабрда түндө 7-Апрель жана Токомбаев (Түштүк Магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда аталган даректе Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа автомашиналардын жүрүшүнө тоскоолдук жараткан.
"Инспекторлор унааны токтотуп, айдоочудан тиешелүү документтерди сураган. Бирок айдоочу менен жанындагы жүргүнчүсү коюлган талапты аткаруудан баш тартып, этикага туура келбеген сөздөрдү айтып, каршылык көрсөтүшкөн. Алардын бири кичи сержанттын погонун жулуп, экинчиси патрулдук милицияга кол көтөргөн. Мындан улам кызматкерлердин бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган.
Чуу салгандар кармалып, алар 1990-жылы туулган Ж.Д., экинчиси 2004-жылы туулган Ж.Д. экени белгилүү болду. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки тергөө жүргүзүлүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nursul
2020-12-27 17:53:40
жигиттер туура эмес кылып койушуптур. Милиция кызматкерлериби потрулдук милициябы ГАИби спорт менен болбосоңор бул эскерүү катары өзүңөргө сактап алгыла кийинкисинде катуу таяк жейсинер мындай болсоңор. Милиция кызматкери деген жөнөкөй адамдын 2 3 өнө моюн бербеши керек биздикилер жалаң акча менен диплом алгандар анан правиланы билишпейт ошондон улам ортодо келишпестик жаралат.
-2
Pchelka85
2020-12-27 17:54:27
Ой манкурттар.. ошол муштумдарын жара атса болмок экен. Асманга эмес.
+3
Nursul
2020-12-27 18:35:03
Pchelka85, атканга болбойт атып өлүп калса камалат. 1990 2004 жылкы жаш эле балдарга алдары жетпей атат бир карап туруп уят эле милиция кызматкери үчүн же мушташа албаса өзүнөн кетсе катыгын берип коюш керек азыр кебир милициялар да безпидел эле азыла беришет ошондой болсо таяк жешет да.
-2
Pchelka85
2020-12-27 18:50:53
Nursul,милиция кызматкерлеринде эн башкысы Терпение деген болуш керек. Алар кошо мушташып журсо алдагы келесоолордон жмне айырмасы бар? Аларда устав деген бар ошого карап кыймылдашат. Алар кошо мушташып кеткенге кызматтык милдеттери жол бербейт
+3
ruslanz
2020-12-27 18:18:42
Мыйзам сакталбаган олколо ушундай болот,паракор соттор ушундайларды бошотуп жиберишет анан алар кутурушат.
+4
bessmertiy
2020-12-27 20:56:19
Атып салыш керек болчу мындай ээн баштарды.
+2
Aky12
2020-12-28 09:30:20
2004-жылкы бала эмитен ушундай болсо, келечекте бир "кылмышкер" уже есть" дегенди тушундурот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан