Кант диабети менен жабыркап жаткан Кыргыз Эл артисти Султан Каримов жардамга муктаж

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов 5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп келет. Учурда ал операция жасатууга муктаж.
Артисттин айтымында, ал буга чейин үйдөн эле тиешелүү дары-дармектерди ичип, ийнелерди сайдырып жүргөн.
"Дарт быйыл эле күчөп кетти. Ооруп жатканымды Ассоль Молдокматова угуп, мындай болбой турганын айтып, коомчулукка чыгарды. Эл өзү кыйналып жатса кантип жардам сурамак элем деп тартынасың да", - дейт ал.
Султан Каримовго 2015-жылы кант диабети, панкреатиттин оор формасы, пиелонефрит, полиартрит жана артроз, муундардын оорусу диагноздору коюлган. Учурда ал кант диабетинин 1-тиби менен жабыркап, тез аранын ичинде чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж.
Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ аркылуу каражат которсо болот.
0(507) 42-05-42 - ЭЛСОМ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Adilet2014
2020-12-27 19:22:47
Аллахым шыпаасын берсин. Айыгып кетсин.
+26
Asel69
2020-12-27 19:54:20
Жараткан Тенирм ден соолук берсин. Тенирим оорудан сактасын
-14
Ernisbii
2020-12-27 21:38:47
Asel69,Теңирим десе эмнеге минус коесуңар Аллахтын кыргызчасы Кудай,Теңир деп айтылат. Чала молдо дин бузар деген сыяктуу бир нерсени толук түшүнбөй каршы боло бересиңерби. Ата бабабыз Теңирим деп сыйынып келишкен исламдан мурда аны унутпагыла.
-5
nazira...
2020-12-27 21:13:34
Каап неге ырдабай калды десе. Сонун ырдайт ырларды. Айыгып кетсин эми, шыпаасы табылып.
+19
Almaz-pazilbaiuulu
2020-12-28 01:31:45
Бул теңирчи сөөрөйлөр
Исламга чейинки заманды каалап жатышат
-3
Nur777
2020-12-28 03:08:02
Сакайып кетиниз,меценаттар жардам бериниздер сураныч.....
+5
Nursul
2020-12-28 09:59:00
Аллахым шыпаасын берсин. Эл журт колдон келген жардамды берели
+2
mira28
2020-12-28 23:34:51
"сен ооруба мен ооруиун ата-журт"деп ырдап журуп ооруга туш болуптурда.балалыгымды эстетет ырлары.дартынзга дабаа табылсын ылаиым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан