
Бишкекте намазканадан акча уурдаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 27-декабрда Чыгыш автобекетинин ичинен 1984-жылы туулган З.Р. аттуу жаран кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда болжол менен саат 15:00 чамасында эски автобекетте жайгашкан намазкананын ичинен арыз ээсинин курткасынын чөнтөгүнөн белгисиз жаран акчасын уурдап кеткенин айтылган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран кармалды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - дешти мекемеден.