Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашынып жүргөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө жашынып жүргөн КМШ өлкөлөрүнүн биринин М.А. жана Р.Ж. аттуу жарандар камак жайдан качышып, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мыйзамсыз жүргөн. Алар республиканын аймагында террордук актыларды жасап, андан кийин жасалма документтерди колдонуп Сирияга кетүү максатын көздөшкөн.
"Кармалган жарандар өз өлкөсүндө оор кылмыш жасаган делинип, камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган жарандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө бөлүмүнө жайгаштырылды. Учурда кылмышкерлерге жардам көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер улантылууда", - деп жазылат маалыматта.