"Ак бата, ырлар, жык-жыйма толгон эл...". Бишкекте алгачкы жолу тойканада поэзия кечеси болуп өттү

Бишкектеги тойканалардын биринде жаш акын, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Максат Жангазиевдин "Декабрь кечи" аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Ыр кечеге маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков баштаган бир топ өнөр адамдары келишти.

Баштан аяк алпаруучулук милдетти Мунарбек Базарбек уулу жана Эрлан Смайыл уулу аркалашты. Поэзия кечеси видео слайд менен ачылды. Андан соң төкмө акындар Акматбек Султан уулу комуздун коштоосунда кыргыз элинин өткөн тарыхынан баштап, бүгүнкүгө күнгө чейин басып өткөн жолун баяндап, жаштарды намыскөй болууга чакырса, Асылбек Маратов жаштарды пикетке эмес, китеп окууга чакырып ырдашты.

Андан соң жаш акын Максат Жангазиев элдин шатыра-шатман кол чабууларынын алдына сахнага чыгып, курч калеминен жаралган ырларын келген конокторго арнады.

Поэзия кечесинде Кыргыз элинин эмгек сиңирген артисттери Майрамбек Осмонов, Сыймык Бейшекеев, ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлнур Асанова, Өктөм Сапар уулу, Автандил Максат Жангазиевдин калемине таандык ырларды аккордеон жана эстраданын коштоосунда аткарышты.

Жаш акындар Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбеков жана Умар Нусубалиев Максат Жангазиевдин калемине таандык ырларды көркөм окуп, көпчүлүктүн арзуусуна алынышты.

"Кече биз күткөндөн дагы жакшы болду. Элдин көп келгени поэзияга өткөн сый-урматтын өскөнү катары кабыл алдым. Элдин ыр кечеге агылып келе жатканы мен үчүн стимул болду. Дагы башка форматта ыр кечелерин өткөрүү идеялары пайда болду. Ресторандар курсак тойгузуучу жай катары гана кабыл алынып калган. Кинотеатр, филармония, театрда дайыма маданий иш-чара өткөрүлгөн жай деп кабыл алынып калган. Биз ошол калыптанып калган көрүнүштөрдүн эрежесин бузгубуз келди. Жан дүйнөнүн руханий азыкты деле тойканадан берсек болот деген жаңылыкты элге жеткирели дедик", - дейт Максат Жангазиев.

"Кыргызда эмне көп, той көп. Мисалы, Бишкекте эле болжолдуу бир күндө 90-100 миң адам тойдо болот экен. А бирок биз ошондон канчалык пайда алып жатабыз? Канчалык туура пайдаланып жатабыз? Тойлордун болгону жакшы, бирок алардын форматы өзгөрсүн дедик. Театрга, семинарга ар бир адам эле келе бербейт. Бул иш-чаранын максаты - элди тойго чакырып, китепти даңазалоо. Китеп той деген ошондон. Буюрса, кече абдан жакшы болду. Тойго Ташкенттен, Кыргыз өлкөсүнүн ар бир бурчунан келишти. Китеп той буга чейин 2019-жылы өткөн. Бул 3-жолу өтүп жатат. Мындан кийин бул саамалыкты улантабыз деп турабыз", - деди уюштуруучулардын бири Бакай Акылбеков.

Кеченин аягында Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков жаш акын Максат Жангазиевге чыгармачылык жолунда, жашоосунда ийгиликтерди каалап, ак батасын берди.

Аталган ыр кече "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун мүчөлөрү тарабынан уюштурулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-12-28 15:07:20
Келе жаткан жаны жылынар кут болсун. Жаны жылда жакшы бата кылып, тилек айтып жакшы тосуп алгыла. Жаны жылды жакшы, шандуу тосуп алалык. Жаны жылды кандай тосок, жылыбыз да ошондой болот. Ушундай маданий иш чараларды кобуроок уюштуруп тургула. Элге шоу керек.
-1
Tyty1990
2020-12-29 07:54:21
Asel69,бок жепсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан