Бишкекте жаранды сабап, денесине ар кандай жаракат келтиргенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-декабрь күнү Биринчи Май РИИБине Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 1987-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен жаракат алып түшкөнү боюнча билдирүү келген. Аны Кулиев көчөсүндө жайгашкан "Уют" мейманканасынын жанында белгисиз жаран сабап, денесине залал келтирген, тактап айтканда, баш мээси жабыркаган.