Баткендеги жер титирөөдөн мектеп, бала бакчага жана турак үйлөргө зыян келтирилди

26-декабрда саат 16:28де Баткен облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен бала бакча жана мектептердин дубалында жарака пайда болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кадамжай районунун Совет айылында Кан орто мектебинин дубалында, Баткен районунун Кыштут айылындагы орто мектептин жана Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын имаратынын дубалында жарака пайда болгон. Ошондой эле Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылында 5 турак үй, Самаркандек айылында 1 турак үй жана Тагаев орто мектебинин дубалынан жарака кеткен.

Бүгүн, 28-декабрь күнү турак үйлөр текшерилет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан