Бишкектеги цехтердин биринен чыккан өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрь күнү саат 16:55те Бишкек шаарындагы Матросов №1А дарегинде жайгашкан матрас чыгаруучу цехтен өрт чыгып, жалпы 320 чарчы метр аянт күйгөн.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, ыкчам топ, 1 бригада, ИИМден 1 экипаж жана "Тез жардам" кызматы тартылып, өрт саат 18:43тө толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти мекемеден.