Бишкектин Биринчи Май райондук соту Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгындагы айдоочунун ишин өндүрүштөн кыскартты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 25-августта чыккан.
"Биринчи Май райондук сотунун 25-августундагы токтомуна ылайык, Жазык кодексинин 297-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталган айдоочу О.М.нын жазык иши тараптардын жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Айыпталуучу О.М. карата колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камактан токтоосуз бошотулган", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
Кырсык 26-июнда саат 15:47чамасында Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинда катталган. Анын кесепетинен 3 жаран жаракат алган.
Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран Хонда Одиссей унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап баратып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. (ред.: Асел Кадырбекова) Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган. Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган жаран дагы ушул эле ооруканага жеткрилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү 1994-жылы туулган жаран Улуттук госпиталга жеткирилген.
Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене "автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы айдоочу кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып турушкан. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка калтырып, сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.