Жүк ташуучу унаалардан 500дөн 5 миң сомго чейин алып турушкан. Чүй облустук ЖКККБнын 3 инспектору кармалды

Ички иштер органдарындагы коррупциялык фактыларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК "Актилек" авто жол көзөмөл өткөрүү постунда турган Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан пара алуу боюнча тутумдашкан фактылар аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жогорудагы өткөрүү пунктунда инспекторлор документтерди текшерүүнү шылтоолоп жүк ташууга катышкан унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин акча каражатын тынымсыз алып турушканы аныкталды. Аталган өткөрүү пункту аркылуу күн сайын 100дөн 200гө чейин жүк ташыган унаалар өтөт. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 3 инспектор кармалган. Алар М.Т., Ш.Р., жана А.С. жана бул ишке тийиштиги бар делинип Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы да кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз опузалап акча талап кылган Ички иштер министрлигинин мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплекси уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
interpol
2020-12-28 11:57:32
Азаматсыз Камчыбек Кыдыршаевич жүргүзүп жаткан иштериңиз мактоого аларлык. Кудайым күч кубат берсин коррупцияга белчесинен баткан өлкөнү өнүктүрүуго салым кошуп эл үчүн иштей бериңиз.
+5
chyi-talaa
2020-12-28 12:25:37
иштесе болот экенго азамат!!!мындай пара алуучулар гаилерде толтурада.
+3
al-abu-kinesz
2020-12-28 18:24:33
М.т.ш.р.р.п.р. дебей инициалы ачык жазыла турган закон киргизиш керек. Кылмышкердин укугун коргоп не кыласынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан