Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын башчысы Шайырбек Бопонов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарып, анда Бопоновду УКМКнын СИЗОсуна 24-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Чүй облустук ЖКККБнын жетекчиси Шайырбек Бопонов 25-декабрда суракка чакыртылгандан кийин кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын дагы 3 кызматкери кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlan2084
2020-12-28 16:50:25
Жакшы адам эле Ташиев бөрк ал десе баш алып атат окшойт жакшы кадрды камап салыптыр.Мунун ордуна эми бир коррупциянерди алып келесиңерби эски бийликтин баары эле жегич эмесда таза адамдар деле барда.
-2
aslonur
2020-12-28 17:45:47
mirlan2084, таза болсо суракка чакырылды?!, Азаматсыз Камчы мырза ишиңизге ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан