Бишкек мэриясына караштуу "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык кызматынын жетекчиси 24-декабрда "коррупция" беренеси боюнча шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган ишкананын жетекчиси убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин мыйзамсыз саткан факты катталган.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
"Биринчи Май райондук сотунун 26-декабрындагы токтомуна ылайык, шектүү А.Т.Түлөбердиев тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот. Тагыраагы, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык кызматынын жетекчиси 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот", - дешти мекемеден.