Жалал-Абад облусунда бир аптада 32 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облус аймагында 19-декабрдан 25-декабрга чейинки бир жума аралыгында жалпы 1178 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
Анын ичинен 32 айдоочу унааларын мас абалында, 332 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 6 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо 808 айдоочуга ар кандай протоколдор түзүлгөн.
Жалпы 238 унаа атайын айып короого токтотулду.