Бишкекте милициянын кызматкерлери курал менен коркутууга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
28-декабрь күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 12:00 чамасында Айтматов көчөсүндө жолдун ортосунда эки жаран урушуп жаткандыгын көрүшкөн. Ошол дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаганда, эки айдоочу жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон.
Эки тараптын урушун токтотуу менен бирге белгисиз курал алып жүргөн 1996-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.