Бишкек ШИИББден креатив! Унаалар тизилип, музыкалык ыргакта жарыгы жанган жаңы жылдык куттуктоо

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бардык жарандарды келе жаткан Жаңы жылы менен кызматтык унаалардын жардамы аркылуу куттукташты.

Анда унаалар эски аянтка тизилип, жарыктары музыканын коштоосунда күйүп, балатыны жана 2021-жыл деген жазууларды чагылдырганын көрүүгө болот. Бул видео интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучулары жакшы маанай тартуулагандары үчүн ыраазычылык билдиришүүдө.

"Бул жыл оор жана кайгылуу жылдардан болду, кээ бирибиз жакындарыбызды, туугандарыбызды жоготтук. Жаңы жылды жалгыз тосом деген адамдар да бар экен. Биз оор күндөрү дайыма жаныңарда болобуз, анткени баарыбызда үмүт жана ишеним бар. Бишкек милициясы оор жылда муктаж болгондорго жардам берип, кыйынчылык күндөрдө бири-бирине канчалык биримдиктүү жана кайрымдуу болуш керек экендигин көрсөткөн жарандарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Жаңы жылдын урматына милиция кызматкерлери бардык жарандарга жаңы жылдык сюрприз жасап, бул майрамдык видеону баарына тартуулайбыз", - деп жазылат куттуктоодо.

Бишкек ШИИБи жарандарды Жаңы жылы менен куттуктап, майрамдык видео тартышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kattaldym
2020-12-29 10:04:30
Айиий, укмуш...
+2
sultan_bek
2020-12-29 10:08:47
Жаңы жыл сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, үй бүлөнүздөргө бакыт, күлкү, иштериңерге албан ийгиликтерди, өлкөгө өнүүгүнү, тынчтыкты алып келсин. Окуткан балдарыбыз аман-эсен, акылдуу, билмдуу болуп, окуудагы чоң ийгиликтерге жетишсин, келечекте Кыргыз элинин керегине жараган кыз-уулдардан болуусуна тилектешпиз. Жаны Жылды жакшы тоскула
+2
nazarnew
2020-12-29 13:13:15
Просто вааауу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан