Бишкек шаардык сот президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Маалыматка ылайык, Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды.
Фарид Ниязов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 10-февралга чейин камакта калтырылган. Жактоочу шаардык сотко үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.
Фарид Ниязов Кой-Таш окуясынан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") боюнча дагы айыпталып жатат.