Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Бүгүн сотто Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду камакка алуу мөөнөтүн узартуу боюнча прокурорлордун өтүнүчү каралды. Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды. Ал эми Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды", - дейт Жоошев.

Фарид Ниязов менен Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясынан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") боюнча дагы айыпталып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Eka.kg
2020-12-05 18:00:19
Бул татарды чыгарбаш керек!
+9
Bishkek1990k
2020-12-05 18:50:05
Канаттыкы жакшы болуптур
+5
Pankration_MMA
2020-12-05 19:43:59
Демек Атамбаев да акталып чыгып, экс президент макамын алат экенда!))
0
Talantus
2020-12-05 20:25:54
АШАнын башкы идеологуна убал жок.
+3
Lordbek
2020-12-06 00:05:14
Эхх дурдом комеди болуп атат саясат
+2
AdylbekB84
2020-12-06 00:47:19
Атамбаев акталып кетсе эл кечирбейт чыгаргандарды, өлгөндүн арбайы уктатпайт, бирөөсү майып болуп калды! Бардак Кыргызстанда, саясат шоу кылып жиберди бул жагын ( бир адам)! Шайлоодо добуш алыш үчүн ушундай болот деп элдин 3 уктаса түшүнө кирбесе керек!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан