Кыргыз-Өзбек республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз-Өзбек республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-декабрь күнү саат 07:49да сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз-Өзбек республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AidaKurman
2020-12-29 11:11:30
Жаратылыш кырсыктарынан кудайым озу сактасын. Катуу эле билинди аябай.
+2
bond
2020-12-29 11:43:45
Катуу болду Ошто.
+1
aliya-leyla
2020-12-29 14:05:04
Кудайым сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан