Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери "бейбаштык" кылган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-декабрь күнү болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2001-жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында уруштан улам арыз ээсинин жездеси бычак менен арыз ээсинин көзүнүн оң жагына шилтеп жиберген.
Жазылган арыздын негизинде кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1976-жылы туулган И.Б. аттуу жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.