Жаңы жылда балатыны үйгө орнотоюн дегем. Караколдо сейил бактан балаты кыйып жаткан жаран кармалды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы сейил бактан балатыны кыйып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Ысык-Көл ОИИБинин кайгуул-күзөт кызматынын милиция кызматкерлери Каракол шаарындагы «Жеңиш» сейил багынын жанында коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жатышкан. Болжол менен саат 21:30 чамасында алардын көӊүлүн сейил бактын ичинен бийиктиги бир метрден ашкан балатыны кыйып жаткан адамды байкашкан.

Ошол жерден шектүү кармалып, Каракол шаардык милициясына жеткирилген. Ал жерден жарандын аты-жөнү такталып, 29 жаштагы М.И. аттуу жаран болгон. Ал балатыны Жаңы жылдын алдында үйгө орнотуу үчүн кыйгандыгын моюнуна алган. Аталган факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү аныкталгандан кийин балатыны мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн жоопко тартуу чечими кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Baatirbek81
2020-12-29 11:33:41
Башы иштебеген шоордуу экен!
Ошону жөн эле койсоң жаңы жыл келе берет,кете берет)))))
+2
Kattaldym
2020-12-29 11:38:37
Камерасына орнотуп берип койгула балатысын...
+2
Rusi79
2020-12-29 12:50:48
Ордуна озун отургузуп койгула,катту закон чыгарыш керек ушундайларга балатыны остуруш коп убакытты талап кылат.
0
Chex
2020-12-29 13:39:48
Ит экенсинго
0
Arianushka
2020-12-29 15:34:23
Байкуш балдарын кубантайын десе керек да.
+2
al-abu-kinesz
2020-12-29 16:43:21
Сага бир эки кундук майрам болсо болду да, эртен эле ыргытасын, эмки жаны жылда дагы бирди кыясын.. Озу эле осуп атат го толтура болуп ушундайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан