Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 26-27-декабрда үгүт өнөктүгүн Нарын облусунда улантты. Ал Нарын шаарынын, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууда Абдил Сегизбаев өлкөдө азыр орун алган абал боюнча айтып, учурда эл кыйын күндөрдү жашап жатканын билдирди. «Азык-түлүккө, көмүргө баалар кескин өсүп, элдин көпчүлүгү каражаттын жоктугунан же тартыштыгынан муздак үйлөрдө күн өткөрүп жатышат. Мунун бардыгын көрүп туруп, мен четте карап тура алган жокмун. Андыктан мен өзүмдүн элиме, Кыргызстанга салымымды кошуп, кызмат кылуу үчүн аламанга аттандым. Менин шайлоолорго катышуумдун себеби ушул», - деди талапкер.
“Парламенттик шайлоолордун ыплас өткөнүнө нааразы болгон эл, октябрь айында аянтка чыкты. Анда карапайым эл акча же бийлик талап кылган жок. Элибиз акыйкаттыкты жана кайрадан таза шайлоолордун өтүшүн талап кылды. Андыктан, алдыдагы президенттик шайлоолор да таза жана ачык өтүшү керек”,- дейт талапкер.
Талапкер жолугушууда сүйлөп жатып, Таласка жергесиндеги эл менен болгон жолугушуусун эстеп, төмөндөгүчө билдирди: “Сиздерге чейин мен Талас облусуна барып, эл менен жолуктум. Келген эл менден “эгер жеңишке жетсеңиз бийликке элдин ырыскысын жеген ууруларды жана октябрда өткөн парламенттик шайлоолордо жеңген 3 партиянын өкүлдөрүн жолотпоңуз” деп суранышты. Мен сиздерден добуш сурабайм. Мен болгону жаш, билимдүү, иштей турган жигердүүлөргө мүмкүнчүлүк бериңиздер деп суранат элем. 3 партияны үгүттөгөндөргө кайрадан сатылбайлы” деп элге кайрылды. “Шайлоолор айкын өтсүн, мамлекеттин башына татыктуу инсан келиши керек” деп билдирди ал.
"Менин көздөгөнүм бир гана нерсе: эгер мага элиме кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берилсе, Кыргызстанды 2 жылда бутуна тургузуп, 6 жылдан кийин мөөнөтүм аяктаганда эл арасында таза жүзүм менен жашагым келет. Ошондо алдымдан жолуккандар менин аткарганым ишиме баа берип, ыраазычылыктарын билдиришсе, мага андан артык сыйлык да, сыймык да жок. Эгер менин ушул кыялым орундалса, анда мен өзүмдү бактылуу адамдардын катарына кошот элем. Мен бош, куру убадаларды бербейм. Себеби, мен элимди башкарганы эмес, элди бакканы баратам деп убада берем", - деди талапкер.
Жолугушууларда Абдил Сегизбаев өзүнүн шайлоо платформасы менен тааныштырып, экономика, соттук реформа, мамлекеттик башкаруу, кадрдык жана тышкы саясат, турак жай жана жер маселелери, адам укуктары, калкты социалдык жактан коргоо, балдарды коргоо, балдар жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу, Кыргызстандын кен байлыктары жөнүндө маалымат берди.
Талапкер акыркы кезде коомчулуктун талкуусунун чордонунда турган Жетим-Тоо кени тууралуу да билдирди: “Темирдин запастары боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Жетим-Тоонун тагдыры Кумтөрдүн сценарийи менен бара жатат. “Жетим-Тоо коругу учурда 100 миллиарддан доллардан кем эмес бааланат, ал эми Кыргызстандын коңшу мамлекетке болгон карызы 2 миллиард доллар. Азыр бийликти уучтап кармап отургандар, коңшу өлкөнүн карызынын кутулуу үчүн Жетим-Тоодогу сырьёну алып чыгууну көздөп жатышат. Ошондо 2 миллиард долларлык карыздардан кутулуу үчүн накталай баасы 100 миллиард турган Жетим-Тоону берип койгонубуз туура болобу?” деди талапкер. “Бакиевдин режими учурунда 2009-жылы табигый ресурстар министрлиги Жетим-Тоо кенин иштетүү лицензиясын «Арт майнинг» компаниясына болгону 300 сомго сатып жиберген. Бул боюнча депутаттардын биринин айткандары бар, ага таянган маалыматтар боюнча аталган компаниянын артында Ульяна Пак жана Денис Гладышевдер турган. Интернеттеги маалымат булактарына баш баксаңар, булар Максим Бакиевдин жакындары экендиги тууралуу далилдер чыгат. Ошол эле учурда азыр Жетим-Тоонун тагдырын чечкиси келгендер ошондо кеңешчиден баштап, коррупция менен күрөшө турган органдарга чейин иштешкен. Эми ошолор эле азыр аталган кенди кошуна мамлекеттин карызына бергилери бар. Бир кезде Жетим-Тоону көтөрүп чыккан депутаттын айтканына таянсак, Жетим-Тоодогу кенди иштетүү үчүн Үрүмчү шаарында атайы завод курулган. Максим Бакиевдин «Арт майнинг» компаниясы бул ишти колуна алмак. Эми суроо: Азыркылар сырткы карыздардан кутулууну көздөшөбү же Максим Бакиевдин бүткөрбөй кеткен ишинин аягына чыгарганы жатышабы?” - деди Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаевдин айтымында, Жетим-Тоо Кумтөрдүн кейпин кийип калбашы керек. Өлкөнүн аймагындагы кен-байлыктардын бардыгы бул элдики. Алар иштетилген күндө да 100 пайыз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына гана иштеши керек. Сатып жиберип же ортодон колдонуп коюуга жол жок. Эгер мамлекет ал кендерди өзү иштеткенге кудурети жетпейби, анда тийбеши керек. Карыздардан кутулуу үчүн башка жолдор бар, ал үчүн Конституцияны өзгөртүп же кендерди сатууну талап кылбайт”, - дейт Абдил Сегизбаев.