Токмоктогу өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүм Бишкектеги психикалык ооруканадан чыкты

Бүгүн, 29-декабрда Токмоктогу өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүм Бишкектеги психикалык ооруканадан чыкты. Бул тууралуу кыздын жактоочусу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кыз таенесиникине же апасына барарын өзү тандайт.

"Азыр менин колумда эч кандай кыздын диагноздору жок. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп бизге эч кандай жыйынтыктарды берише элек" деп билдирди жактоочу.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда: "Бул иште бир гана министрлик иштебейт социалдык коргоо кызматкерлер, атайын дарыгерлер, айыл өкмөтүндөгү адамдар, милиция кызматкерлеринен атайын комиссия түзүлгөн. Баарылап иш алып барып, анан тийиштүү маалыматтарды беребиз", - деп билдиришти.

Белгилей кетсек, өспүрүм кыз буга чейин Республикалык психикалык ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланып жаткан.

Окуянын чоо-жайы:

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген болчу.

Өгөй атам зордуктады деген 15 жаштагы кыз психикалык ооруканадан чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан