Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды сактап жүргөн кампа табылды

Азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу программасынын алкагында, сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны сатып алуунун курмандыгы болгон жарандардын кайрылуусу боюнча Бишкек шаарында Финансы полициясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чараларды өткөрдү.

Анын жүрүшүндө Садыгалиев көчөсүндөгү кампа текшерүүгө алынып, анда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик таттуулар ири көлөмдө сакталганы аныкталган. Ошол эле кампада аталган "ЖЧКнын" кызматкерлери таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүп турушкан. Далил катары ар кандай шаймандар табылган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп, аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев жеке көзөмөлүнө алганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Almazhhhh
2020-12-29 15:24:31
Штрафты олчойтуп салып,срогу отуп кеткен таттууларды орттоп кампасын на всегда жаап салгыла.Оздорунун чонтогун ойлогон акмактарды!
+3
sirgak_92
2020-12-29 15:36:28
Эрулан Кокуловго рахмат
+4
talas0707
2020-12-29 16:06:09
Не сахар жана активистке рахмат айткыла, болбосо эч нерсе билинбейт болчу буга чейин деле билинбей келген.
+2
talas0707
2020-12-29 16:06:49
Санэпидем кызматкерлери не кылып журот биздин акчаларды алышып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан