Бишкек-Ош унаа жолунда таксисти коркутуп, унаасын орто жолдон тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү болжол менен Ош шаарынан белгисиз адам таксиге отуруп, айдоочудан Жалал-Абадга чейин жеткирип коюну суранган. Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу бара жатып Бишкек –Ош унаа жолунун болжол менен 615 километр аралыгында белгисиз адам айдоочуга кол салган. Куралга окшош предмет менен коркутуп, талаа тарапка айдоону талап кылган. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагынан, ээн жерден кол салган адам айдоочуну байлап, бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматы шектүүлөрдүн аты-жөнүн аныктап, ал Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусу 33 жаштагы Э.М. аттуу жаран экени аныкталган.
Кармоо учурунда кылмышкер жабырлануучуга таандык Деу-Матиз үлгүсүндөгү унааны 50 миң сомго башкаларга сатып жибергендиги маалым болгон. Учурда унаа табылып иликтөө иштери уланууда.