Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалган адамдын окуясына шектелген жарандар кармалды

Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалган адамдын окуясына шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-декабрь күнү болжол менен саат 04:30 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Батыш автобекетинде белгисиз адамдар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1983-жылы туулган Х.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар арыз ээси менен уруша кетип, арыз ээсинин денесине залакат келтирип, катуу сабап салганын айткан.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1978-жылы туулган С.Ж. жана 1994-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар кармалышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда Биринчи Май РИИБи тергөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан