Сокулукта үйлөнүү тойдо коноктор ууланган. Чүй ОИИББи ишти териштирип баштады

Чүй облусунун Сокулук районундагы кафелердин биринде үлпөт тойдо адамдар ууланып, ага карата иш козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 27-декабрь күнү 37 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда Сокулук районундагы кафелердин биринде 24-декабрда үлпөт той өтүп, ага катышкан коноктордун бардыгы ууланып ооруканага түшкөнүн айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Учурда бул факты боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп, Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жөнөтүлдү. Уулангандардын саны жана ууландырууга кандай продукт себеп болгондугу тууралуу азырынча белгисиз. Бул боюнча тергөө иши жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Чүй ОИИББи кошумча дагы маалыматтар болорун кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman_Mansurov
2020-12-30 11:53:40
Кафенин атын айтпайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан