Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу экс-президенттин социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында 2020-жылдын декабрь айынын башында катталды.
Фонддун негизги максаты - коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо.
Жогоруда белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштерди жүргүзүүгө багытталат.