Кыргыз жараны Москвадагы батирлердин биринен 5 жаштагы кызды сабап, наристенин денесине көптөгөн жаракаттарды келтирген. Кичинекей кыздын баш мээси чайкалып, башынан, бетинен, денесинен жаракат алып жана далысы сынып кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-декабрда болгон.
"Кыргыз жараны алыскы тууганынын батиринде жүрүп кызын сабап, анын баш мээси чайкалып, башы, көзү, денелери көгөргөн абалда болуп көптөгөн олуттуу жаракаттарды алган. Кыздын апасы батирге келгенде кызын кийими жок абалда турганын көргөн. Наристе ооруканага жаткырылып, алган жаракаттарынын деңгээли такталууда. Учурда кызды сабаган жаранга "жашы жете элек кызга атайылап ден соолукка залал келтирүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.