Бишкекте атайын күзөт кызматынын (ред:ГБР) кызматкерлери бейбаштыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 2-январь күнү болжол менен саат 04:45 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде балдар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен болжол менен саат 01:20 чамасында арыз ээсин атайын күзөт кызматкерлери (ГБР) сөгүп, сабап койгон.
Жазылган арыздын негизинде иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1990-жылы туулган К.К. жана 2000-жылы туулган Б.Т. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.