"Тилек азыр жардамга муктаж болуп турат. Ал Жаңы жылдын алдында эки бутунан айрылды. Ал жашашы керек. Үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан өтө эрте иштеп баштаган. Анткени анын башка дагы бөбөктөрү бар. Ал ар дайым апасынын жардамчысы жана таянычы болуп келген. Кандай гана жумуш болбосун ал иштечү. Достор, Тилекке кан керек. Ага кандын бардык группасы жарай берет. Тилек адамды темир жолдон сууруп чыгарып, куткарып калган", - деп жазган вице-мэр.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, окуя 31-декабрь күнү түнкү саат23:45те Быстровка темир жолунда болгонун айтты. Окуя учурда териштирилүүдө ал эми жабырлануучу
Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда деп билдирет басма сөз кызматы.
Бишкекте 31-декабрь күнү Тилек Жумабеков темир жолдо бир адамдын өмүрүн сактап калып, өзүнүн эки бутунан айрылып калды. Ал учурда ооруканада жардамга муктаж. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.