"DW News" аттуу немис басылмасы ыш каптаган Бишкек тууралуу репортаж даярдап, өзүнүн ютуб каналына жайгаштырды. Анда борбор калаадагы абанын булганышына себеп болгон жагдайлар иликтенип, жарандардан сурамжылоо жүргүзүлгөнүн көрүүгө болот. Аталган видео 2020-жылы 30-декабрда жарыяланган.
"Кыргыз өлкөсүнүн борбору Бишкекте миллионго жакын адам жашайт, кышында көпчүлүк адамдар үйлөрүн көмүр менен жылытып, жашоочулар бир нече ай ыш менен дем алып жашашат. Пандемия адамдарга катуу сокку уруп, экономика төмөндөп жатканда ыш дагы кошумча көйгөй болууда", - деп жазылат аталган басылмада.
Ал эми бүгүн, 4-январда "World Air Quality" уюмунун дүйнөлүк рейтингинде Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты.
Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайты 4-январга караган түнү борбор калаадагы абалга кооптуу деген баа бергени кабарланды.
Ал эми социалдык тармактагы жарандык активистер экологиялык өзгөчө кырдаал киргизүү керектигин айтып чыгышты. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндөгү өлүм жана оорулардын негизги себеби катары абанын булганышы экендигин айтышууда.