"Жаратылышына кол тийбеген кооз өлкө". Кыргыз жери 2021-жылы эс алууга идеалдуу жайлардын катарына кошулду

Чет элдик "The Guardian" басылмасынын окурмандары Кыргыз өлкөсүн 2021-жылы эс алууга эң идеалдуу өлкөлөрдүн катарына кошту.

"Кыргыз өлкөсү 2021-жылы эс алууга бара турган "идеалдуу өлкөлөрдүн бири". Чоң саякат инфраструктурасы бар, жаратылышына кол тийбеген, кооз өлкө. Бишкек заманбап жана жандуу шаар. Ал эми жайлоосунда укмуштуудай салттуу көчмөндөр жашоосун көрүүгө болот. Даамдуу улуттук ашканасы менен өзгөчөлөнгөн кооз өлкөлөрдүн бири", - деп жазган окурмандардын бири Минни Мартин.

"The Guardian" басылмасы аныктаган 2021-жылы эс алууга ыңгайлуу жайлардын тизмесине Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Шотландия, Ланди аралы, Йорк, Түндүк Йоркшир, Глазго, Котсуолд, Фарер аралдары, Украина, Мавритания, Грузия жана Улуу Жибек Жолунун боюндагы өлкөлөр кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан