Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигин Айсулуу Мамашовага өткөрүп берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Текебаев тастыктады.
"Фракция лидерлигин өз ыктыярым менен тапшырдым. Депутаттык мандатымдын айланасында соттук талаш-тартыш болуп жаткандыктан лидерликти Айсулуу Мамашовага өткөрүп бердим. Азырынча депутаттык мандатым өзүмдө, БШК мандатты алуу боюнча чыгара элек. БШК жакынкы күндөрү Жогорку Сотко кайрылат деген маалыматым бар", - деди Текебаев.
Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.