Бишкекте милициянын кайгуул кызматы тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-январь күнү болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Чүй жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонду уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү, ошол эле даректен белгисиз жаран ачык түрдө арыз ээсинин Редми-8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Жазылган арыздын негизинде ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жаранды кармашып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.