Бүгүн, 6-январда Кара-Суу шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда президенттикке талапкер Садыр Жапаров теледебаттардын экинчи айлампасына да катышпай турганын билдирди.
Анда Жапаров дебатка кетирген убактысын, аймактардагы эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуу маанилүүлүгү менен түшүндүргөн.
"Мен өткөн теледебаттарга да катышкан жокмун. Анткени өзүңүздөр байкагандай, алар ушак дебаттарына айланган. Эгерде дебаттар чындыгында эле өлкөнүн өнүгүү пландары менен бөлүшө турган аянтча болсо, талапкерлердин программаларынын чыныгы жарышы болсо, анда катышууга мүмкүн болмок", - деген Жапаров.
2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлердин КТРКдагы теледебатынын экинчи туру бүгүн, 6-январда саат 20:00дө түз эфирден көрсөтүлөт.
Алгач 18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен теледебаттардын ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн.
Теледебаттардын графиги бул шилтемеде.