Бүгүн, 6-январда президенттикке талапкерлердин КТРКдагы теледебатынын экинчи туру түз эфирден көрсөтүлүп жатат.
Дебаттын жүрүшүндө алып баруучу БШК дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкер талапкерге каршы чакырыктарды таратууга, тигил же бул талапкерге каршы терс пикирлерди айтууга чектөө киргизгенин маалымдады.
Бул учурда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров алып баруучудан тактоо сурады.
"Бул билдирүү бүгүнкү дебаткабы же жалпы дебатка тиешелүүбү?" деп суроо узаткан талапкер алып баруучудан эреженин кагазын көрсөтүүнү өтүндү.
"Бизге БШКнын эскертүүсүнүн кагазын бериңиз, "бир ыйык кишинин" аты аталбасын деген тыюу келди деп бербейсизби", - деди Мадумаров.
Ал эми алып баруучу кагазды дебат аяктаган соң талапкерлердин колуна кармата турганын айтты.