Теледебат: Мадумаров КТРКнын алып баруучусуна: "Аба ырайы тууралуу суроону ким бер деп жатат?"

Кечээ, 6-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү. Ага Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышты. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.

Анда алып баруучу "Синоптиктердин маалыматына таяна турган болсок, 10-январда аба ырайы жакшырып, күн 10 градуска чейин жылыйт. Практика көрсөткөндөй аба ырайынын мындай жакшы болушу шайлоочулардын шайлоого активдүү катышуусун шарттайт. Сиз шайлоодон ким жеңет деп ойлойсуз? Шайлоонун жыйынтыгы, элдин тандоосу менен макул болосузбу же тарапташтарыңызды аянтка алып чыгасызбы?" деген суроо берди.

Мадумаров: "Сизге аба ырайы тууралуу суроо бер деп ким айтып жатат?" - деди.

"Алып баруучу катары суроону мен берип жатам. Мүмкүн болсо суроого жооп берсеңиз", - деди алып баруучу.

Мадумаров: "Кудай кааласа, касиеттүү элибиз бар. Алар өз чечимин кабыл алат. Ар бир эл өзү чечет. Мен өмүр бою эл менен жүргөм", - деди.

Алып баруучу талапкерден "Шайлоодон ким жеңет?" деп кайталап сурады.

Мадумаров: "Шайлоодон мен жеңем. Бул жерде турган бардык команда жеңет", - деп жооп берди.

Мадумаров КТРКнын алып баруучусуна: "Аба ырайы тууралуу суроону ким бер деп жатат?"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bond02
2021-01-07 10:08:45
Журналисттер синоптик болуп башташкан го.
+9
Kulatov
2021-01-07 10:58:24
Бул жерде журналист Мадумаровко аба ырайы тууралуу суроо бербей эле аба ырайын элдин шайлоого активдүү катышуусуна байланыштырып айтты Адахан Кимсанбаевич текеберленип журналистке мыскылдуу карап жооп берди
-3
Kombi
2021-01-07 15:11:32
Kulatov,журналистин суроосу аркылуу мадумаровдун ойун билгиси келген С.Ж. добушун уурдасак митинг кылып чыгабы деп.10 янв.да кун +10° чейн жылыйт деп окшоштуруп.
0
Kuba1970
2021-01-07 18:18:59
Kombi, Садыр зек күндөн күнгө дабдырап аброюн түшүрүп атат өзүнүн Соц сетьте Мадумаровту колдогондор көбөюп жатат
-5
Kombi
2021-01-07 10:59:06
Билимсиздик сабатсыздыктын башталышы бул. Бизге кучтуу политик керек.
+7
Kulatov
2021-01-07 10:59:12
Текебер болбош керек
-6
Kuban-1207
2021-01-07 11:00:51
Мадумар оңолбойт
-1
sultan_bek
2021-01-07 13:30:02
Элдин сабаттуулугун, сынчыл коз карашын которуу керек. Болбосо кайра эле Садырга окшогон популисттерге, калпычыларга, алданып, ээрчип журо берет.
-4
DASTAN91
2021-01-07 14:31:44
sultan_bek,
Мен Садырды колдочумун, бирок акыркы болуп жаткан нерселерден кийин оюм өзгөрдү
+4
Rinat98
2021-01-07 13:38:44
Садырдын фанатиктери лохторр
-4
yars2017
2021-01-07 13:42:15
аба-ырайынын шайлоого кандай тиешеси бар барам деген адам бороон болсо деле барат да шайлоо эмне учак беле
+2
OMURBEK.
2021-01-07 15:30:44
10 унда кун аччык шайлоочулар саламатсызбы адахан аке сиздин атыныз Ким # дегендей эле суроо болуп калды да озу
-2
suban78
2021-01-07 17:09:19
Мадумаровду зомбилер эле шайлабаса башка эч ким шайлабаса керек
-1
Nursul
2021-01-07 18:37:44
Додурлор не деп суроо берерин билбей эле оюна келгенин урдура башташкан го
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан