Борбордук шайлоо комиссиянын жумушчу тобу кечээ күнкү КТРКдагы дебатты карап чыгууну сунуштап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
"Бул маселе бүгүн каралышы мүмкүн. Дебатта мыйзам бузуу болгонбу же жокпу деп карап баа беребиз", - деди ал.
Кечээ, 6-январда КТРК коомдук телеканалында президенттике талапкерлердин кезектеги теледебаты болуп өттү. Ага талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышышкан. Анда Адахан Мадумаров, Канат Исаев өңдүү талапкерлер алып баруучулардын суроолорун кескин сындап, коомдук канал дагы деле бийликтин алдында калгандыгын билдиришкен.