УКМК Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевди кармады

УКМК Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кармалган.

"Шектүү айыл башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин курулушу учурунда аткарылган жумуштардын көлөмүн жалпысынан 24 миллион сомдон ашык көрсөткөн. Ошондой эле ал башка жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз бүтүрүлгөн мектепти пайдаланууга беришкен деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылдын 18-ноябрында УКМК Кара-Суу районунун Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган. УКМКнын маалыматына ылайык, өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн.

Окуядан соң Мунарбек Сайпидинов туугандарына жана Турганбаевдин апасына орой мамиле жасалды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап, Камчыбек Ташиевге видеокайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Talantus
2021-01-07 15:28:13
Раимдин кучуктору булар.
0
al-abu-kinesz
2021-01-07 16:21:16
УКМК тигини кармады муну кармады деген сайын Камчыбек мырзага болгон сыйым кучоп барат.
-2
Esenali
2021-01-07 18:39:29
райимдин буга не тийешеси бар
0
miki87
2021-01-08 02:28:37
Кармагандан не пайда кичине соок ыргытса чыгарып иет укмк. Онолмок элек биз качан ордодо турса уч пахан. Биз по понятии жашап атабыз азыр закон эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан