Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январда белгиленген президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Вице-премьер-министр белгилегендей, президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктар жыйынтыкталуу алдында турат.
"Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө, алар иш алып барууга даяр. Өкмөт шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти багыттагандыгын ишенимдүү түрдө айта алам. Республиканын жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот", - деди Максат Мамытканов.