Бишкектин Биринчи Май райондук соту жашы жете элек кызды зордуктаган жаранга чечим чыгарды. Анда айыпталуучуга жашы жете элек өспүрүм кызды күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен сабап, денесине жаракат келтирген деген айып тагылган. Соттук териштирүүдө айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечим Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Аталган факты боюнча айыпталуучунун берген көрсөтмөсү
"2019-жылдын октябрь айында жабырлануучу кыз менен ВКонтакте социалдык түйүнү аркылуу таанышып, жолукканбыз. Биринчи жолу таанышканда эле ал мага паспортун көрсөтүш керек болчу. Себеби биз интернет аркылуу аялуу жерин онлайн көрсөткөн жумушта иштегенге макулдашканбыз. Чогуу иштеп жүрүп, өзүнчө мамилеге өтүп, үйлөнөбүз деп жүргөнбүз. Бирок ал "вебкамда" иштегенимди токтотом деп убада берген. Чогуу батирди ижарага алып жашап жүргөндө кез-кезде урушуп, кайра табышып алчубуз. 2019-жылдын декабрь айында мен анын 18 жашка чыга электигин билдим. Бирок экөөбүз үйлөнөбүз деп чечкендиктен бирге жашап, өз каалообуз менен жыныстык катнашка барчубуз.
2020-жылдын 13-июль күнү биз уруша кеттик. Анан ал батирден буюмдарын алып кетип калды. Андан соң эртеси кайра үйгө келди. Биз алгач жакшы эле сүйлөшүп отурганбыз, мен арак ичтим. Ал ортодо биз дагы 3 жолу жыныстык катнашта болдук. Ошондо ал мага сенден балалуу болгум келет деп айткан. Мен арак ичип отурганда бөтөлкөнү тартып алды, мен аны алам деп көзгө уруп алдым.
Мен кызды сабаганым чын. Себеби мени менен сүйлөшпөй калган 1 аптада 2-3 эркек менен жаман ишке барганын мага курбусу айтып берди. Мен мындан улам аны кызганып, эки жолу баш тарабына чапкам, бир жолу көзүнө муштап, ич тарабына эки-үч жолу тепкем. Бирок аны зордуктаган эмесмин. Сотко чейинки өндүрүш учурунда мени ыкчам кызматкерлер сабап, күнөөнү моюнга алдырып коюшкан. Мен милиция кызматкерлерине карата арызданганга мүмкүнчүлүк болгон эмес, эртеси мени сот камакка алды. Ал эми мени сабаган кызматкер болсо көптөн бери бул кызды тааныйт экен. Мен акыйкат чечим чыгарып берүүнү соттон суранам деген", - айыпталуучу.
Жабырлануучу өспүрүм кыздын көрсөтмөсү
"Мен бул бала менен 2019-жылдын октябрь же ноябрь айында таанышкам. Алгач таанышканда 18 жашка толдум деп бөлөмдүн паспортун көрсөтүп койгом. Андан кийин экөөбүз чогуу "вебкамда" иштөөнү чечкенбиз. Кийин ал телефонумду чукулап жатып жашымды билип алган. Андан кийин үйлөнөбүз деп жүргөнбүз. Ал арада биз "вебкам" студияда чогуу иштеп жүрүп, кийин өзүм иштеп экөөбүздү багып жүрдүм. Ортобузда кийин уруш чыга баштап, мен башка бала менен сүйлөшө баштагам. Анда дагы кызганып, бетиме тамеки басып, желим бөтөлкө менен урган. Аны апам билип урушуп, кайра кечирим сурашып жашап калганбыз.
2020-жылдын 13-июль күнү батирге келгенимдин себеби ал мага "колума ийне саям" деп сүрөт жөнөтүп коркутуп батирге чакырды. Буга чейин дагы мени коркутуп келген. Башында чыр-чатаксыз эле сүйлөшүп отурганбыз, ал мас абалда болчу, андан кийин дагы арак ичип жатты. Өзүнүн телефонун сындырып салып, меникин тартып алды. Ошол жерден классташ балам менен сүйлөшкөнүмдү көрүп алып кызганычтан улам мени аябай сабап салды. Качууга аракет кылып сыртка чыксам, кошуналарым дагы жардам берген жок. Кайра мени чачымдан сүйрөп келип сабады. Андан соң мени зордуктамакчы болду. Мен ага 12 жана 15 жашымда зордукталганымды айтып, ага каршылык көрсөтсөм дагы болбой зордуктап салды.
Ал жаман ишин кылып бүткөн соң мени кетирип жиберди. Жолдо келе жатып атама телефон чалып, окуяны айтып бердим. Атам тааныштар менен акылдашып милицияга арыз жаздык", - деп жазылат кыздын көрсөтмөсүндө.