"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы Токтогул ГЭСинде суу жетиштүү экендигин билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, улуттук энергетикалык холдинг компаниясы президенттикке талапкерлердин айрымдарынын Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлине байланыштуу билдирүүлөрүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет.
"Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли жөнүндө маалымат күн сайын өлкөнүн бардык маалымат берүүчү булактарында жарыяланып турат. Мындан тышкары, "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтына онлайн камера жайгаштырылган. Ал суу төгүлүп жаткан жолдордун иштешин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Суу сактагычтагы суунун деңгээли жөнүндө бардык маалыматтар ачык. Аны көз карандысыз эксперттер жана суунун көлөмүн эсептөө боюнча минималдуу көндүмдөргө ээ болгон адистер тастыктай алышат. Суунун суткалык агып киришине, чыгымдалышына жана деңгээлине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар көз салат", - деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.
Ошондой эле алар 7-январда эртең менен Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион куб метрди түзгөндүгүн билдиришти. Суунун агып кириши секундасына 154 куб метрди түзүп, ылдамдыгы секундасына 857 куб метрди көрсөтүп тургандыгы жазылат маалыматта.
6-январда президенттикке талапкерлердин дебаттары учурунда Аймен Касенов Токтогул ГЭСинде
7-8 миллиард куб метр суу гана калганын жана өлкө апааттын алдында тургандыгын айткан.