Нарын облусундагы Долон ашуусунда Ак-Талаа–Бишкек багыты боюнча эл ташыган автобус жол кырсыгына кабылды.
Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы кечээ, 22-июль күнү кечинде болгон. Бир аял каза болуп, 16 жаран жаракат алган.
Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча маалымат бере элек.